Ведомствонун иш жыйынтыктары 26-ноябрда Мамлекеттик бажы службынын «Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы» долбоорунун алкагында өткөн аппараттык кеңешмеде жарыяланды. Службанын маалыматы боюнча, учурда бажы органдарында кырдаал туруктуу, ал эми иш кадимки режимде жүрүп жатат.

Мыйзам бузуу көрсөткүчтөрү жана бюджеттик түшүүлөр

Жылдын башынан бери иштин жыйынтыктары

20 594укук бузуу фактылары
1,5 млрдбюджетке түшкөн сом

КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы службынын Контрабандага каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыгынын башчысы Урмат Назирдинов отчеттук мезгил ичинде мамлекеттик казынага олуттуу кошумча кирешелерди камсыз кылууга мүмкүн болгонун билдирди.

Өткөрүү пункттарындагы транспорттун кыймылы

Чек ара өткөрүү пункттарындагы кырдаал активдүү жүк агымы менен мүнөздөлүүдө. «Торугарт» өткөрүү пунктунда 25-ноябрда транспорттун кыймылынын төмөнкү көрсөткүчтөрү катталган:

«Торугарт» өткөрүү пункту (25-ноябрь)

546бош жүк ташуучу унаалар чыгышты
651жүк менен кирди
14 939ноябрь айында киргизилген жүк ташуучу унаалар

«Кара-Булак» пунктундагы электрондук кезекте 26-ноябрдын таңына чейин 1,5 миңге жакын автоунаа болсо, күнүмдүк өткөрүү жөндөмдүүлүгү болжол менен 500 транспорттук кара жа средстваны түзөт. «Иркештам» өткөрүү пунктунда 26-ноябрда Кытайдан Кыргызстанга 638 машина кирсе, анын 592си транзиттик, ал эми 46сы импорт үчүн келген.

Кайра багытта, Кытай тарапка, «Иркештам» аркылуу 602 автоунаа чыкты, алардын ичинен 565и бош жана 37и жүк менен болгон.