Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Панфилов районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы Бекмаат Юлдашович Масаидов кызматтан бошотулду.

Бул чечим Кыргыз Республикасынын Конституциясынын тиешелүү беренелерине жана «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 8-беренесине таянып кабыл алынган.

Документтен

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 71-беренесине, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык... аким Масаидов Бекмаат Юлдашович ээлеген кызмат ордунан бошотулду.
Президенттин администрациясы