Бишкек шаарынын мэриясы Жукеева-Пудовкина көчөсүнүн 8-массивинде, №83 үйдүн жанына жайгашкан бактарды кесүүдөгү себептерин билдирди.
Октябрь райондук администрациясынын маалыматына караганда, аталган аймакта жаңы сквер курулуп жатат. Бул долбоордо тротуарды оңдоо жана тургундар үчүн эс алуу аймактарын түзүү көздөлган.
Муниципалитеттин маалымдашынча, кесилген бактардын көбү кургап калган же сейил бак зонасын курууга тоскоол болгон бактар болушкан.
Үстүбүздөгү планга ылайык, кесилген бактардын ордуна көп санда жаңы көчөттөр отургузулат жана аймак толук жашылдандырылат. Бирок иштер качан бүтөрү тууралуу так мөөнөт жок.




