Бишкек шаарында Свердлов районунун ички иштер башкармалыгынын инспекторлору "Өспүрүм-Түн" аттуу профилактикалык рейддерди өткөрүп жатат.

Таласбек Парманов аттуу инспектордун айтымында, рейддер жаздын башынан башталып, сентябрга чейин уланат.

Милиция кызматкерлери түнкү убакта өспүрүмдөр көп чогулган коомдук жайларды кыдырып, чоң кишилерсиз жүргөн балдарды аныктоого аракеттенет.

Иш-чаранын негизги максаты — өспүрүмдөрдүн укук бузууларын алдын алуу жана аларды коргоп калуу болуп саналат.