Октябрь райондук сотуна жакын жерде жайгашкан арыктын жанына балдар ойноп жүрүшкөн. Мындай учурда 9 жаштагы бала токко урунуп, оор абалга кабылганы маалым болду.

Айтиева көчөсүндө болгон окуя боюнча баланын энеси билдиргендей, балдар токтун соккусун сезип, бири-бирин эскертишкен. Бирок Ибрахим токко урунуп калып, реанимацияга жеткирилди.

Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматынан билдиришкендей, окуя боюнча доследстволук тергөө иштери жүрүүдө.

Бишкек мэриясынын маалымат кызматы кабарлагандай, окуя болгон жерге “Бишкексвет” муниципалдык ишканасынын авариялык топтору ыкчам барды. Техникалык изилдөөлөр чогуу Бишкек электр тармактары ишканасынын адистери менен өткөрүлдү.