Бишкек шаарында бир нече райондордо газдын күчтүү жыты тууралуу тургундар тарабынан көптөгөн кабарлар келип түшүүдө.

Атап айтканда, Карл Маркс, Медеров, Жантошев, Восток-5 жана 10-мк жайгашкан аймактарда бул жагдай байкалууда.

Бир окурман 104 кызматына кайрылганын айтып, учурда атайын бригада кырдаалды иликтеп жатканын кабарлады.

Азырынча газ агып чыгыш бар экени же башка себептери так эмес. Маселени терең изилдөө жүрүүдө.