Мэриянын маалыматы боюнча, Бишкек шаарынын башчысы Айбек Жунушалиев кезектеги жумушчу жыйындын алкагында «Кыргызстан жана Азербайжан достугу» жана «Байтик» сейил бактарын кыдырып чыкты.
Инспекция учурунда шаар башчысы ижарачылардын карамагында болгон бул сейил бактардын учурдагы абалына нааразычылыгын билдирди. Алардын тартипсиздиги жана тийиштүү деңгээлде каралбагандыгы айтылды.
Айбек Жунушалиев жооптуу кызматтарга ижарачыларга бардык табылган кемчиликтерди жоюу жана аймактарды талаптагыдай абалга келтирүү үчүн бир жумалык мөөнөт берүүнү тапшырды.
Ошондой эле, эгерде көрсөтүлгөн мөөнөттө талаптар аткарылбаса, ижара келишимдерин белгиленген тартипте бузуу маселесин кароо тапшырылганы белгиленди.








