Бүгүн, 13-августта, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев "Бишкек ТЭЦ" муниципалдык ишканасына келип, анын күз-кышка даярдыгы менен таанышты.
Жыйынга мэрдин орун басары Нургазы Курманбеков, "Бишкек ТЭЦ" ишканасынын директору Нурлан Кульджигачев, башкы инженери Искандер Кокомбаев, "Бишкектеплоэнерго" ишканасынын директору Улан Айтиев, "Бишкектеплосеть" ишканасынын директору Уран Райымбеков жана Свердлов районунун башчысы Медербек Амангелдиев катышты.
































