Кыргызстандын борбору Бишкек жана Чүй облусунда жаңы «ЭКСПО Кыргызстан» деген улуттук көргөзмө комплекси курулат.
Бул чечимге президент Садыр Жапаров кол коюп, жаңы комплексти түзүү боюнча жарлык жарыяланды.
Жаңы комплекс өлкөдө ири масштабдагы иш-чараларды уюштуруунун инфраструктурасын кеңейтүүгө багытталган.
Анда бизнес, маданий жана социалдык тармактарды өнүктүрүүгө шарт түзүлөт.










