Бишкек шаарында 2027-жылдан тарта пилоттук болуп «жашыл» транспорт коридорун түзүү пландалууда. Бул жаңы долбоор баш калаанын мобилдүүлүгүн жакшыртуу максатында ишке ашырылмакчы.

Долбоор Бишкек мэриясы менен Азия Өнүктүрүү Банкынын кызматташтыгынын алкагында жүзөгө ашырылмакчы. Ал бул жолдордо экологиялык таза жана тейлөөнү жакшыртуучу транспорттун кыймылын камсыз кылууга багытталган.