Шаардын мэрү Айбек Джунушалиев жаңы имараттын ачылышына катышты. Имаратты «Кыргыз Даймонд» ЖЧКсы курган. Жаңы объектте кызматкерлер үчүн жумушчу кабинеттер, котельная жана санитардык бөлмөлөр каралган.
Имараттын кабаттуулугун көбөйтүү мүмкүнчүлүгү каралат
Мэр жер ресурстарын натыйжалуу колдонуу зарыл экенин белгилеп, муниципалдык объекттерди курууда натыйжалуу ыкмаларды колдонууну сунуштады. Ал Капиталдык курулуш башкармалыгына учурдагы конструкциялардын техникалык мүнөздөмөлөрүн эске алуу менен имараттын кабаттарын эки же үч кабатка чейин көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн изилдөө тапшырды.
Проекттөө учурунда шаардын өнүгүү муктаждыктарын жана аймакты рационалдуу пайдалануу зарылдыгын эске алуу менен бир нече кабатты караш керек.
Кошумча кабаттарда китепкана же балдар чыгармачылык борборун жайгаштыруу каралууда. Ошондой эле, имараттын тегерегин көрктөндүрүү, унаа токтотуучу жайларды түзүү жана балдар аянтчасынын жанына воркаут зонасын куруу тапшырмасы берилди.










