Бишкекте 1998-жылы туулган Ы.Б. аттуу киши 50 миң доллар өлчөмүндөгү алдамчылык боюнча шектелип кармалды.

Ленин районунун ички иштер бөлүмүнө 5-июлда Б.А. аттуу жаран кайрылган. Ал 2024-жылдын май айында курулуш тармагында биргелешкен бизнес максатында таанышы болгон адамга 50 миң доллар берип, бирок ал акчаны кайтарбай, ишти баштабай качып кеткенин билдирген.

Кармалган шектүү Ы.Б.га байланыштуу кылмыш иши ачылып, райондук милиция тарабынан тергөө амалдары жүрүп жатат. Ал учурда Бишкек шаарынын ИИБнын убактылуу кармоо жайына жайгаштырылды.