Бишкекте, ошондой эле республиканын көпчүлүк аймактарында азыркы учурда аба ырайы өтө ысык. Бул тууралуу синоптиктер маалымдап жатат.
19-20-июлда өлкөнүн айрым аймактарында аба ырайы +45...+47 градуска чейин ысыйт деп болжолдонот. 20-июлга карата термометр белгиси +40...+42 градус чегинде болушу мүмкүн.
21-июлдан тартып эмне күтөбүз
Синоптиктердин айтымында, 21-июлдан баштап республикада температура төмөндөй баштайт, кыска мөөнөттүү жамгыр жана чагылгандар болушу мүмкүн. Ошол күнү орточо температура +35...+37 градус чегинде болот деп прогноз түзүлгөн.
Температуранын өзгөрүшү




