Бишкек шаарындагы Айтматов проспектинин жанында чыккан өрттү МЧСтин өрт өчүрүүчүлөрү келмейинче, бетономешалканын айдоочусу Талгат Каныбек уулу өз алдынча өчүрүүгө аракет кылды.
Шаардык Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы билдиргендей, Талгаттын чечкиндүүлүгү менен жарандык жоопкерчилиги белгиленүүдө. Ал өзүнүн аракеттери менен өрттүн оор кесепеттеринин жайылышын чектөөгө салым кошту.
Башкармалыктын жетекчиси Талгат Каныбек уулуна расмий ыраазычылык катын жана эстелик катары наручный саатты тапшырды. Ал айдоочунун кыйын кырдаалдардагы ыкчам жана жооптуу мамилесин өзгөчө белгиледи.
Бул окуя жарандардын бири-бирине колдоо көрсөтүүсүнүн, жоопкерчиликтүүлүгүнүн жана эрдиктин үлгүсү катары коомчулукта кеңири мааниге ээ болду.










