Иш-чара Кыргызстандын бардык жети облусунан келген өкүлдөрдү чогултту. Агрардык бизнес менен алектенген аялдар жеке тажрыйбасы менен бөлүшүп, күнүмдүк ишмердүүлүктө туш келип жаткан негизги тоскоолдуктарды белгилешти.
Мамлекеттик колдоо үчүн сунуштар
Форумдун негизги максаты айыл чарбасындагы системалуу кыйынчылыктарды аныктоо болду. Катышуучулар тарабынан аялдардын ишкердигин өнүктүрүү боюнча сунушталган идеялар жана демилгелер кийинки иштерде колдонулушу пландалууда.
Уюштуруучулардын билдирүүсүнө ылайык, бул сунуштар 2027-жылга карата актуалдуу болгон колдоо чараларынын комплексин иштеп чыгууда эске алынат.








