Бишкек шаарында оор жүк ташуучу унаалар үчүн убактылуу чектөө киргизилди. Жалпы салмагы 18 тоннадан ашкан транспорттук каражаттар борбор калаанын муниципалдык жолдорунда белгиленген шарттарда жүрүүгө тыюу салынат.
Мэриянын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, ушундай чектөө 2026-жылдын 20-майынан 1-октябрына чейин ар күнү саат 09:00дөн 19:00гө чейин, абанын температурасы +28 °C жана андан жогору болгон учурда ишке кирет.
Бул чаралар негизинен жолдун асфальт-бетон бетин коргоо, анын тез куурап-бузулушуна жол бербөө жана муниципалдык жолдордун кызмат мөөнөтүн узартуу максатында кабыл алынган.
Ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу да чаранын негизги максаты болуп эсептелет.
Мэрия оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларын жана транспорттук компанияларды ушул чектөөлөрдү эске алып, маршруттарын алдын ала тактоого жана талаптарды так сактоого чакырат.
Мындан тышкары, оор унааларга чектөө күчүндө болуучу мезгилде, айдоочуларга андан тышкары сааттарда жана аба ырайынын өзгөрүшүнө жараша жөнгө салынган убакытта сапарларды пландаштырууну сунуш кылынат.










