Мониторинг шаардын бардык райондорун камтыйт. Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө адистер баа белгилеринин бар экендигин жана азык-түлүккө белгиленген чектүү баалардын сакталышын көзөмөлдөшөт.

Текшерүүнүн жыйынтыктары жана айып пулдар

Ведомствонун маалыматы боюнча, 2025-жылдын август айынан бүгүнкү күнгө чейин Октябрь районунда 598 рейд жүргүзүлдү. Бул иш-чаралардын жүрүшүндө эт продукцияларынын баасын ашыкча көтөрүү учурлары аныкталды.

Октябрь районундагы текшерүүлөрдүн жыйынтыгы

6баалардын ашыкча болушу үчүн протоколдор
56 000сом, айып пулдардын суммасы

Свердлов районунда 2025-жылдын август айынан учурдагы убакытка чейин 250 рейддик иш-чара жүргүзүлдү. Ошондой эле өткөн жума ичинде акимдиктер Антимонополдук жөнгө салуу кызматы менен биргеликте кызматташуу боюнча 106 келишим түзүштү. Бул шаар тургундарын уйда жана баранын эти менен жеткиликтүү баада камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

Рейддер кайда өтүүдө

Көзөмөл иш-чаралары шаардын негизги соода түйүндөрүн камтыйт:

Рейддерге акимдиктердин кызматкерлери, КР Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Антимонополдук жөнгө салуу кызматынын, ветеринардык кызматтын, салык кызматынын кызматкерлери жана МТУ өкүлдөрү катышып жатат.