12-августта Бишкекте ишкердик, инновациялар, технологиялар, жасалма интеллект, креативдүү экономика жана тармактар аралык кызматташтыкка арналган аймактык Go Viral Festival 2026 фестивалы өтөт. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен IDEA Central Asia аймактык демилгеси тарабынан Борбордук Азиядагы Америка университетинин (БААУ) кампусунда уюштурулат.
Фестиваль Эл аралык жаштар күнүнө карата өткөрүлүп, жаштарды, ишкерлерди, креативдүү индустрия өкүлдөрүн, IT-адистерди, стартап негиздөөчүлөрдү жана инновацияларга кызыккандарды бириктирет.
Программа жана талкуулар
Иш-чаранын алкагында Борбордук Азия өлкөлөрүнөн келген ийгиликтүү ишкерлер жана эл аралык эксперттер чыгып сүйлөшөт. Жасалма интеллект, технологиялар, инновациялар жана аймактык кызматташтык маселелери боюнча панелдик дискуссиялар пландалган. Катышуучулар стартаптарды өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана бизнести жүргүзүү боюнча практикалык тажрыйбалар менен тааныша алышат.
Мындан тышкары, коноктор үчүн тематикалык аянтчалар уюштурулат. Алардын арасында Innovation Expo, Go Viral Corner, American Corner, Creative Market, Game Zone, Lounge Zone, Food Court жана башка интерактивдүү аймактар болот. Фестивалдын соңунда белгилүү аткаруучулардын катышуусунда музыкалык программа болот.
Катышуу жана дареги
Фестиваль 12-августта саат 13:00дөн 22:00гө чейин Бишкек шаары, Аалы Токомбаев көчөсү, 7/6 дарегиндеги (Борбордук Азиядагы Америка университети) өтөт. Катышуу акысыз, бирок уюштуруучулар алдын ала каттоодон өтүүнү сунушташат.
Go Viral – инноваторлорду, ишкерлерди жана IT-адистерди бириктирген жыл сайын өтүүчү аймактык фестиваль жана ири коомчулук.













