THE OTHERS деп аталган жаңы арт-мейкиндик Бишкекте өз ишин баштады. Аталган жайдын биринчи көргөзмөсү "GRAFFITI EDITION" деп аталып, борбор калаанын граффити маданиятына арналды.
Көргөзмө 18-июлда ачылган. Анда Кыргызстанда граффити кыймылынын башатында турган өкүлдөрдөн тартып, жаш сүрөтчүлөргө чейинки ар кыл муундагы сүрөтчүлөрдүн эмгектери коюлган.
Экспозицияга ошондой эле өлкөнүн граффити сахнасынын тарыхын жана өнүгүүсүн баяндаган "Graffiti Kyrgyzstan" ретроспективасы да киргизилген.
Көргөзмөгө CHERVI, MURE, OGMIDE, UMUT, SEAR, PRIZ, ASCANORUS, WODY жана LAYNE сыяктуу сүрөтчүлөр катышууда.
"GRAFFITI EDITION" — бул THE OTHERS жаңы арт-мейкиндигинин алгачкы долбоору, ал келечекте да көргөзмөлөрдү, заманбап көркөм долбоорлорду жана башка чыгармачылык иш-чараларды өткөрүүнү пландаштырууда.
Көргөзмө Бишкек шаары, Фрунзе көчөсү, 587 дарегинде өтүүдө.














