Бишкек мэриясынын Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы Тыныстанов көчөсүндө өзүм билемдик менен орнотулган чатырларды жана кире бериш топторду мажбурлап алууну баштады. Бул тууралуу муниципалитет билдирди.
Текшерүү көп кабаттуу үйдүн тургунунун арызынан кийин уюштурулган, ал Тыныстанов көчөсү, 197/1 дарегиндеги кире бериш топтордун жана чатырлардын мыйзамдуулугуна шек келтирген.
Мэриянын маалыматына ылайык, ушул жылдын 21-майында объектилердин ээлерине уруксат берүүчү жана укук тастыктоочу документтерди берүү талабы менен эскертүүлөр тапшырылган. Бирок, ээлери керектүү документтерди көрсөтүшкөн эмес.
Андан кийин Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгынын, ошондой эле шаардык кызматтардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен комиссиялык текшерүү уюштурулган. Текшерүүнүн жыйынтыгында “24.kg” маалымат агенттиги, M-Maxima компаниясы жана GetGrant билим берүү борбору жайгашкан объектилердин чатырлары жана кире бериш топтору тиешелүү уруксат кагаздарсыз өзүм билемдик менен курулганы аныкталган.
Бул факты боюнча тиешелүү акт түзүлүп, ээлерине аныкталган мыйзам бузууларды ыктыярдуу түрдө жоюу талабы менен доомат каттар жөнөтүлгөн. Учурда Башкармалык мыйзамсыз орнотулган конструкцияларды мажбурлап алуу иштерин жүргүзүүдө. Демонтаждоо иштеринин жүрүшүндө “24.kg” маалымат агенттиги жайгашкан жайга алып баруучу жеңил металл тепкичи да алынып салынды.











