Бишкек шаарында шаар жашылдандыруу иштери активдүү жүрүп жатат. Айрыкча Жайыл Баатыра көчөсүндө гүл отургузуу иштер мерчемдүү түрдө жүргүзүлүүдө.
"Бишкекзелентрой" ишканасынын кызматкерлери Алыкулова көчөсүнөн Чортекова көчөсүнө чейинки аралыкта 200 миңден ашык гүлдүн сегиз түрүн отургузду.
Бул иштер Кочевниктердин дүйнөлүк оюндарын жана ШОС саммитин өткөрүүгө даярдануу алкагында жасалып жатат. Мындай көрүнүш шаарды көрктөндүрүп, коноктор үчүн жагымдуу чөйрө түзөт.










