Жаш Гвардия бульварын оңдоп-түзөө боюнча шаардык мэриянын сунуштаган ыкмалары коомчулуктун нааразычылыгын жаратты. "Vesti.kg" басылмасы билдиргендей, шаардыктар бул ыкмалар жаңы окуяларга жана бак-дарактардын жапырт кыйылышына алып келет деп эсептешет.

Шаар тургундарынын айтымында, бул иштер учурдагы жашыл аймактарды сактоону эмес, аларды жок кылууну көздөп жатат. Алар бульвардагы дарактарды сактап калууга чакырышууда.