Бишкектин 151-контур аймагында жер көйгөйлөрүнө байланыштуу жашоочулар президент Садыр Жапаровго кайрылуу видеоун жазышты.

Видеодо көптөгөн тургундар райондук администрациянын алдында туруп, колдорунда жер участогун тастыктаган кызыл мамлекеттик актыларды кармап турушат.

Алар бул кайрылуу аркылуу келишпестиктерди жана көйгөйлөрдү чечүүдөгү жардамды өтүнүштү.