Бишкек шаардык архитектуралык курулуш көзөмөлдөө башкармалыгы 10 кабаттуу көп батирдүү турак жайды текшерди. Үй Гоголь көчөсү, 72, 72а жана Гвардия көчөсү, 13, 13а даректеринде жайгашкан.

Текшерүү учурунда «Проекттөө жана курулуш процесстерин бириктирүү жөнүндө» буйрук күчүн жоготконуна байланыштуу бул объект үчүн архитектуралык жана уруксат документтери кайра түзүлгөн.

Жыйынтыгында, Министрликке ОсОО «Император Строй» компаниясын кара тизмеге киргизүү сунушу жөнөтүлгөн.