Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпитал акы төлөнүүчү медициналык кызматтардын жаңы прейскурантына өттү. Бул өзгөрүүлөр 20-июлдан тарта мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын башкаруу жана каржылык автономиясын ишке ашыруу боюнча пилоттук долбоордун алкагында күчүнө кирген.

Медициналык мекемеден билдиришкендей, шашылыш медициналык жардам бардык жарандар жана чет элдиктер үчүн толугу менен акысыз бойдон калат. Бул камсыздандыруу полисинин же документтеринин бар-жогуна карабастан, адамдын абалы турукташканга чейин берилет.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасы боюнча камсыздандырылган жарандар үчүн, жашаган жери боюнча үй-бүлөлүк медицина борборлорунан электрондук жолдомо менен кайрылгандар үчүн, кызматтар Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында мурунку шарттарда көрсөтүлөт.

Жаңы прейскурант боюнча акы төлөнүүчү кабыл алуу дарыгердин жолдомосу жок болсо, чет өлкөлүк жарандар кайрылганда, ыңгайлуулугу жогору палаталар сунушталганда же пландаштырылган жогорку технологиялык жардам көрсөтүлгөндө колдонулат.