Kaktus.media колл-борборуна кайрылган Джольский көчөсүнүн тургундары эсептегичтердин орнотулушуна каршы эмес экенин, бирок көрсөткүчтөрдү окуу ыкмасы түшүнүксүз болуп жатканын билдиришти.
Тургундардын көйгөйлөрү
Шаардыктардын айтымында, люктар абдан оор жана аларды өз алдынча ачуу кыйынчылык жаратат. Бул жагдай өзгөчө алсыз катмардагы жарандар үчүн чоң тоскоолдук болуп жатат.
Люктар оор, аларды өз алдынча ачуу абдан кыйын. Биздин райондо карылар, майыптыгы бар адамдар жана жалгыз энелер жашашат. Алар ай сайын бул маселе менен кантип күрөшөт?
Алысктан окуучу эсептегичтер
Мэр менен өткөрүлгөн угууларда «Бишкекводоканал» өкүлдөрү алыстан окуучу эсептегичтердин иштелип чыгып жатканын билдиришти. Алардын планы боюнча, мындай түзүлүштөр 2026-жылдын аягына чейин орнотулушу керек.
Бирок тургундар бул электрондук түзүлүштөр кышкы суук учурунда кандай иштей турганы боюнча күмөн саноодо.
Мурда суу эсептегичтери үйлөрдүн ичинде орнотулган жана жарандардын түтүктөрдүн схемасы тууралуу маалыматы болгон. Азыркы учурда тургундар ар бир жаран үчүн ыңгайлуу жана жеткиликтүү чечим табылышын суранып жатышат.












