Алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү алкагында борбор шаардын Свердлов, Биринчи Май, Октябрь жана Ленин райондорунда көмүр сатуу пункттары иштеп жатат. Атайын кызматтар базаларда отундун бар экендигин туруктуу негизде мониторингдеп жана белгиленген баалардын сакталышын көзөмөлдөп турушат.
Райондор боюнча көмүрдин запасы жана баасы
Свердлов районунда 9 база иштеп жатат, анда жалпы запас 7 361 тоннаны түзөт. Ленин районунда жалпы көлөмү болжол менен 6 500 тонна болгон 13 база иштеп жатат. Октябрь районунда запасы 1 017 тонна, ал эми Биринчи Май районунда — 1 184,69 тонна.
Маркалар боюнча деталдаштыруу
9 стационардык база иштеген Биринчи Май районунда «Кара-Кече» маркасындагы көмүрдүн баасы тоннасына 7 000 сомдон 7 200 сомго чейин өзгөрөт. Ошондой эле ал жерден «Шаргунь» көмүрүн 7 600 сомго же «Мин-Куш» көмүрүн 8 000 сомго сатып алса болот. Ленин районунда «Кара-Кече» жана «Мин-Куш» маркалары 7 000 сомдон, ал эми «Шабыркуль» — 7 800 сомдон турат. Октябрь районунда «Кара-Кече» көмүрү тоннасына 7 000 сом баа менен сунушталат.









