Шаардык чөйрөнү жаңыртуу турак жай кризисин чечүүнүн, инфраструктураны модернизациялоонун жана шаарлардын экологиялык тазалыгын жогорулатуунун жолу катары каралууда. Бирок эл аралык уюмдар эскертет: эгерде жергиликтүү жашоочулардын укуктары корголбосо, жаңыртуу процесси турак жайдын баасынын өсүшүнө, джентрификацияга жана адамдардын көп муундан бери жашаган райондорунан сүрүлүп чыгышына алып келиши мүмкүн.

Шаардык жаңыртуунун тобокелдиктери жана көйгөйлөрү

31-октябрда белгиленүүчү Бүткүл дүйнөлүк шаарлар күнүн майрамдоо алкагында эксперттер шаардык жаңыртууну кантип туруктуу жана инклюзивдүү кылууну талкуулашты. БУУнун Калктуу конуштар боюнча программасынын (ООН-Хабитат) Аткаруучу директору Анаклаудия Россбах баса белгиледи: