Кыргызстан электросистема инфраструктурасын жакшыртуу боюнча маанилүү кадам жасап, CASA-1000 долбоорунун өз бөлүгүн толук бүттү. Бул долбоор Борбордук жана Түштүк Азия арасындагы энергетикалык байланыштарды чыңдоого багытталган.
Кыргызстандын аймагында долбоордун алкагында 456 чакырым электр өткөрүүчү линия курулуп, 1243 опора орнотулду. Бул ЛЭП аркылуу Кыргызстан менен Тажикстан Пакистанга электр энергиясын жеткире алат.
Долбоордо электр энергиясынын жалпы көлөмүнүн 35% Кыргызстанга, 65% Тажикстанга таандык. Болжол менен 15 жылда жалпы экспорттолуучу электр энергиясынын көлөмү 65 миллиард киловатт-сaatты түзөт.
Кыргыз тараптан курулуш бүтсө да, долбоордун ишке кириши үчүн азырынча Афганистандагы линиянын курулуш иштеринин аякташы зарыл. Ал эми долбоор ишке киргенден кийин Кыргызстандын электр энергиясын экспорттоо мүмкүнчүлүктөрү кеңейет.









