Чолпон-Атада Азербайжан президенти Ильхам Алиевдин мамлекеттик сапары башталды. Расмий тосуп алуу аземи Иссык-Көл жээгиндеги «Рух Ордо» маданий борборунда өттү.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Ильхам Алиевди куттуктап, эки өлкө ортосунда чечилбеген маселелер жок экенин, бул стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө тоскоолдук кылбаганын белгиледи.

Жолугушууда эки тарапты тең ишеним жана ачыктык чөйрөсү бириктирип турганы, бул факторлер мындан ары кызматташуунун маанилүү демилгелери менен чечимдерин кабыл алууга шарт түзүп жаткандыгы айтылды.

Кыргызстан менен Азербайжан транспорт, энергетика, инвестиция, коопсуздук, билим берүү сыяктуу бир катар тармактарда кызматташтыктын кеңейүү потенциалы бар экенин баса белгилешти.

Визиттин политикалык маанилүү жыйынтыгы катары союздук мамилелер тууралуу келишимдин кол коюлушу каралууда.