Чүй облусу прокуратурасы суу чарбалыгынын башкы башкармалыгынын ишине көз салуу жүрүшүндө, 2025-жылы курулуш иштери жүргүзүлгөн учурда мыйзам талаптарынын бузулушун аныктаган. Анын ичинде курулуш иштеринин сметалык наркынын негизсиз жогорулатылгандыгы жана бетон фундаменттер менен опор куруу иштери боюнча аткарылган иштердин көлөмү жөнүндө туура эмес маалыматтар актыларга киргизилиши аныкталган.