Кыргызстандын Курулуш, архитектура жана турак-жай коммунал чарбасы министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөл департаментинин Чүй облустук башкармалыгы аймактагы курулуш индустриясынын объекттеринде иштеген 25 юридикалык жана жеке жактын ишин текшерди. Текшерүүлөр бетон-эритме түйүндөрүнө (БРУ), асфальт-бетон заводдоруна (АБЗ) жана майдалоо-сорттоо комплекстерине тиешелүү болду.

Инспекторлор уруксат жана долбоор документтеринин бар экендигин, курулуш чөйрөсүндөгү мыйзам талаптарынын аткарылышын, жүргүзүлүп жаткан курулуш иштеринин бекитилген долбоорго ылайык келишин, ошондой эле курулуш нормалары менен эрежелеринин объекттерди пайдалануу учурунда сакталышын текшерди.

Текшерүүнүн жыйынтыгы

25объект текшерилди
1 млн сом+жалпы айып пул суммасы

Курулуш жана архитектура чөйрөсүндөгү мыйзам бузууларына жол берген төмөнкү мекемелерге айып пул салынды:

  • «Арал-Боом» мамлекеттик ишканасы
  • «Мостострой отряд» мамлекеттик ишканасы
  • «Авира Групп» ЖЧК
  • «Бишкек Инвест» ЖЧК
  • «Бишкек Дистрибьюшн» ЖЧК