Тургундар мамлекеттик жана жергиликтүү деңгээлдеги чечүүнү талап кылган маселелерди, атап айтканда, реабилитациялык борборлорду жана билим берүү мекемелерин куруу зарылдыгын белгилешти. Мындан тышкары, айыл чарба кызматкерлери үчүн жеңилдетилген кредиттерди алуу жана ички жолдордун абалын жакшыртуу суроолору айтылды.

Жергиликтүү калк таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу, жер тилкелерин бөлүп берүү жана мунапыс менен кечирим берүү боюнча кайрылууларын Президентге жеткиришти.

Алдамчылардан сактануу боюнча эскертүү

Садыр Жапаров мүлктүк талаш-тартыштардын алдын алуу үчүн документтердин юридикалык тазалыгын кылдат текшерүүнү сунуштады. Ал жарандарды алдамчылардын арам ойлоруна алданбоого жана кыймылсыз мүлктү сатып алууда өтө сактык кылууга чакырды.

Президент келип түшкөн бардык кайрылуулар өз убагында жана объективдүү каралышы керектигин баса белгиледи.