Чүй облусундагы алтын казган «Алтынкен» ишканасынын аймагында табиятты коргоо чакырыгы болгон жазуу табылды. Бул жазуу 2015-жылы жасалган жана эки тилде: кыргыз жана кытай тилдеринде жазылган.
Жазуунун мааниси — "Нужно не только золото и серебро, но и прекрасные горы и реки" — калк арасында туура эмес түшүнүлүп, саясий лозунг катары кабыл алынбашы керектиги билдирилүүдө.
Ишкананын экологиячысынын айтымында, бул жөн гана табиятты сактоого чакырык. Айта кетсек, 2015-жылы ишкана кызматкерлеринин 60% жакыны Кытай жарандары болсо, азыркы учурда 95% кызматкерлер жергиликтүү кыргыз жарандары.

