Нью-Йорктогу Бириккен Улуттар Уюмунун Генералдык Ассамблеясынын жогорку деңгээлдеги жолугушуусунун алкагында Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус менен жолукту.

Министр ВОЗдун Кыргызстандын ден соолук системасын колдоп келгенине ыраазычылык билдирип, кызматташтыкты мындан ары да тереңдетүүгө кызыкдар экенин баса белгиледи. Жолугушууда негизги артыкчылыктар катары жол кырсыгына кабылган жарандарга медициналык жардам көрсөтүүнү өнүктүрүү, саламаттык сактоонун туруктуулугун жогорулатуу, алдыңкы медициналык жардамды жетиштүү деңгээлде камсыз кылуу, санариптик технологияларды киргизүү жана балдар онкологиясын жакшыртуу маселелери каралды.

Министр ошондой эле Кыргызстанда балдар рак илдетине каршы күрөшүү боюнча ВОЗдун Глобалдык платформасына атайын медициналык мекемени кошууну сунуштап, санариптик саламаттык сактоону өнүктүрүү долбоорлору, анын ичинде телемедицина системасын киргизүү боюнча маалымат берди.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус Кыргызстанга саламаттык сактоо системасын чыңдоо жана алдыңкы медициналык жардам көрсөтүүнү өнүктүрүү жаатында колдоо көрсөтүүнү улантуунун даярдыгын билдирди. Ал ошондой эле балдар онкологиясы боюнча Глобалдык платформага кошулуу демилгесин колдоп, бул багытта зарыл жардам көрсөтүлөрүн белгиледи. Санариптик саламаттык сактоо тармагында да ВОЗ Кыргызстандын министрлиги менен тыгыз кызматташтыгын уланта берерин билдирди.