Кыргызстандын аймактарында декабрь айында жылуу аба ырайы жана айрым жерлерде жаан-чачындын көбү күтүлүүдө.

Температура жана жаан-чачындын болжолу

Кыргызгидрометтин берген маалыматына ылайык, айдын орточо температурасы климаттык нормадан 1-1,5 градуска жогору болот. Жаан-чачындын өлчөмү боюнча төмөнкү аймактарда нормадан көп жаан-чачын күтүлөт:

Ал эми Ысык-Көл жана Нарын облустарында жаан-чачын климаттык нормага жакын болот.

Облустар боюнча кенен маалымат

Чүй облусунда айдын орточо температурасы 0дөн –2 градуска чейин, ал эми тоо алдындагы аймактарда жана Кемин өрөөнүндө –2дөн –4 градуска чейин болот. Түн ичинде айрым учурларда –11...–16 градуска чейин суук болушу мүмкүн, ал эми күндүзү температура +6...+11 градуска чейин көтөрүлүп, айрым күндөрү +12...+17 градуска чейин жылышы ыктымал.

Талас облусунда айдын орточо температурасы –2дөн –4 градуска чейин түзүлөт. Түн ичиндеги суук –13...–18 градуска чейин күчөшү мүмкүн, ал эми күндүзү температура –3...+2 градустан +4...+9 градуска чейин болоору айтылат.

Ош облусунда айдын орточо температурасы 0дөн +2 градуска чейин, тоо алдындагы аймактарда болсо 0дөн –2 градуска чейин болот. Түн ичинде –6...–11 градустан –1...+4 градуска чейин, ал эми күндүзү 0...+5 градустан +6...+11 градуска чейин болоору күтүлөт.