Иш жүрүшүндөгү жолугушуу учурунда региондун транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүүнүн негизги багыттары, анын ичинде Жайыл жана Панфилов райондорундагы жолдорду куруу маселелери талкууланды. Төө-Ашуу – Суусамыр – Арал трассасын өткөрүү боюнча масштабдуу долбоорду ишке ашырууга даярдык көрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Артыкчылыктуу жол долбоорлору
Жаңы участокторду куруу боюнча пландарды талкуулоо менен бирге, депутат №1 регионалдык автомобилдик жолдор башкармалыгынын кызматкерлеринин иши менен таанышты. Жогорку Кенештин VIII чакырылышынын депутаты Чолпон Эсенаманова визиттин алкагында жол кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, бир катар кызматкерлерге эмгеги үчүн ыраазычылык каттарды тапшырды.











