Тышкы иштер министрлигиндеги бош орундарды толтуруу маселеси дипломаттардын сунушталган кызматтарды кабыл албай коюшунан улам татаалдашууда. Бул тууралуу Жогорку Кенештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында министр Жээнбек Кулубаев билдирди.
Кызмат орду боюнча талаптар
Министрдин түшүндүрмөсүнө караганда, мурунку элчилер жана Баш консулдар ведомстводогу түзүмдүк мүмкүнчүлүктөрдү жетишсиз деп эсептешет. Алар көбүнчө департаменттин директору же министрдин орун басары сыяктуу жоон кызматтарды талап кылышат.
Азыркы учурда ведомство кызматкерлерге кеңешчи же департамент жетекчилеринин орун басары катары иштөөнү сунуштап жатат, бирок кээ бир дипломаттар бул варианттарды макул болбой калышат.
Депутаттын суроосу
«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын депутаты Гуля Кожокулова чет өлкөдө иштеп келген адистердин потенциалын колдонуу зарыл экенин белгиледи. Ал мисал катары Италиядагы мурунку элчи Базарбаевди жана Түркиядагы Баш консул Кошоновду атап өткөн.
Алар мага тууганым эмес, бирок өз дипломаттарыбызды унутуп кетпешибиз керек
Ошондой эле, министр дипломаттардын ротациясы туруктуу жүрүп жатканын, болжол менен ар бир жарым жыл сайын кызматкерлердин бир бөлүгү чет өлкөгө жөнөтүлөрүн кошумчалады.













