Дүйнө жүзү боюнча белгилүү социалдык тармактар — Facebook жана Instagram — кызматтарынын иштешинде масштабдуу тоскоолдуктар катталды. Ар кайсы өлкөлөрдөгү колдонуучулар бул платформаларга кирүү мүмкүн эместигин билдиришти.

Meta компаниясына тиешелүү бул эки тармак дүйнө жүзүндөгү миллиондогон колдонуучу пайдаланган ири социалдык платформалар болуп саналат. Ошондуктан сбойдун масштабы эл аралык деңгээлде байкалып, көптөгөн өлкөлөрдүн колдонуучуларына тиешелүү болду.

Учурда көйгөйдүн так себеби боюнча так маалымат жок. Кырдаал өнүккөн сайын кошумча маалыматтар жарыялана турганы белгилүү.