Тажикстандын борбору Душанбеде он адам ВИЧ инфекциясын атайылап башка жарандарга жугузууга шектелүүдө.
Маалыматтарга караганда, бул факт укук коргоо органдары тарабынан иликтенип жатат. Азия Плюс агенттиги өз булактарына таянып кабар таратууда.
Шектүүлөрдүн жана жабырлануучулардын так саны, ошондой эле окуянын толук шарттары боюнча кошумча маалымат бериле элек.









