Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда кечээ түнү саат 2лер чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрдү.
Алдын ала маалыматтарга караганда, селден 466 турак жайдын короосу суу капталып, 76 турак үйдүн ичине суу кирген.
Ошондой эле сел 3 подвал, бир балдар бакчасы жана бир мечитти суунун астында калтырды.
Үй чарбалары жана коомдук объектилер жабыркады
Селден 4 коомдук тамактануу жайы, 5 автоунааны тейлөө борбору жана 2 автомойка жабыркаган.
Азыркы учурда Ноокенде өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча штаб иштеп, зыянды жоюу аракеттери уланууда.
Жалал-Абад облустук администрациясынын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Исламбек Увайдуллаев кырдаалды жеринен текшерип, профилдик кызматтарга тез арада чара көрүүнү тапшырды.
Жарандардын коопсуздугу жана мындан кийинки пландар
Аймакта 451 адам, анын ичинде 350 райондук куткаруучу кызматкерлер жана 101 ӨКМ кызматкери чоң күч менен иш алып барып жатат.



















