Европа рыногун ийгиликтүү өздөштүрүү үчүн ата мекендик өндүрүүчүлөргө катаал экологиялык жана социалдык ченемдерге шайкеш келүү гана эмес, сапаттуу санариптик катышуусу да керек. Бул тууралуу 10-ноябрда КР Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борборунун «Кыргыз Экспорт» директору Урмат Такиров билдирди.

Маркетингдик жана сапаттык талаптар

Мекеменин өкүлү айтканча, корпоративдик сайттын жана продукциянын кеңири сүрөттөлүшү бар профилдин болушу ЕБда иштөө үчүн негизги маркетингдик талап болуп саналат. Мындан тышкары, европалык өнөктөштөр сапатты башкарууга жогорку талаптарды коюшат: компанияда сапат саясаты жана коопсуздук стандарттары сөзсүз киргизилген болушу керек.

Россия рыногунан айырмасы

Урмат Такиров Евросоюздогу талаптар мурда тигүү продукциясынын көбү жөнөтүлгөн Россия рыногундагы талаптардан бир топ жогору экенин белгиледи. Эгер Россияда сатып алуучулар техникалык тапшырмага, моделге, сапатка жана баага багытталса, ЕБда сертификация жана эл аралык стандарттарга шайкештик негизги факторлор болуп саналат.