ЕБРР тарабынан чыгарылган Transition Report 2026–2027 аттуу изилдөөдө Кыргызстан чакан жана орто ишкердиктин атаандаштык деңгээли боюнча салыштырмалуу тандалган өлкөлөрдүн төмөн бөлүгүндө турганы белгиленди. Бул көрсөткүч боюнча өлкө Казакстан жана Өзбекстанга караганда артта калууда.

Ишкердик чөйрөсүнүн негизги факторлору

Банктын эксперттери чакан компаниялардын өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн баалоо үчүн атайын атаандаштык индексин сунушташты. Бул индекс ишкерлердин жаңы технологияларды киргизүүсүн, эл аралык рынокторго чыгуусун жана ири ишканалар менен атаандашуусун аныктоочу негизги факторлорду камтыйт.

  • Банктык кредиттерге жеткиликтүүлүк
  • Банктан тышкары каржылоо булактары
  • Мыйзамдардын сапаты
  • Ишкерлердин кесиптик көндүмдөрү
  • Бизнес жүргүзүүнүн жалпы шарттары

Өнүгүү тенденциялары жана ажырым

ЕБРРнын маалыматы боюнча, Кыргызстанда акыркы 10 жыл ичинде көрсөткүчтөр жакшырган болсо да, өнүккөн ишкердик экосистемалар менен болгон айырма сакталып калууда. Өзбекстандын учурунда ишкердик чөйрөсү жана укуктук шарттар жакшыргандыгы белгиленген, бирок ал жакта да банктан тышкаркы каржылоого жеткиликтүүлүк маселеси чечилген эмес.