Отчеттук мезгилде «Эко Оператор» мамлекеттик ишканасы утилдештирүү жыйымынан 342 млн 417,2 миң сом топтогон. Жаратылыш министрлиги билдиргендей, жылдын алгачкы тогуз айындагы түшүүлөрдүн көлөмү 2025-жылдын ушул мезгилинин көрсөткүчтөрүнөн 214 млн 411,3 миң сомго ашкан.
Кеңейтилген жоопкерчилик системасын камсыз кылуу
Каражат чогултууну жогорулатуу жана өндүрүүчүлөр менен импорттоочулардын кеңейтилген жоопкерчилигинин талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө иши улантылууда. Бул иштин алкагында төлөөчүлөрдүн санын көбөйтүү, төлөмдөрдүн түшүүсүн камсыз кылуу, ошондой эле карыздарды өндүрүү максатында Мамлекеттик бажы кызматы жана Мамлекеттик салык кызматы менен өз ара аракеттенүү жүргүзүлүүдө.
2024-жылдын 19-июнундагы министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, керектөөчү касиеттерин жоготкондон кийин кайра иштетүүгө тийиш болгон 24 топ товардын жана товарлардын таңгагынын тизмеси бекитилген. Бул Кыргыз Республикасынын аймагына тиешелүү продукцияны алып келген же өндүргөн бардык адамдарга талаптарды жүктөйт.


























