Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги товарларды көзөмөлдөө системасы жөнүндө министрлер кабинетинин токтомунун долбоорун коомдук талкууга койду.

Документ бирдиктүү улуттук системаны түзүүнү карайт, ал айрым товарлардын кыймылын бардык этаптарда – өлкөгө киргизүүдөн жана каттоого алуудан тартып сатууга, кайра иштетүүгө, которууга, эсептен чыгарууга же башкача жол менен чыгарууга чейин санариптик форматта көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет.

Долбоорго ылайык, 2026-жылдын 1-сентябрынан тартып салык төлөөчүлөр төмөнкү товарларга карата көзөмөлдөө системасын колдонууга милдеттүү болушат:

  • майлоочу жана башка майлардын айрым түрлөрүн кошпогондо, мунай жана мунай продуктулары;
  • Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан товарларды көзөмөлдөө механизми жөнүндө макулдашуунун алкагында бекитилген тизмеге киргизилген товарлар.

Мындан тышкары, ишкерлерге 2026-жылдын 1-октябрына чейин маалымат системасындагы товарлардын виртуалдык калдыктарын иш жүзүндөгү калдыктар менен шайкеш келтирүү сунушталат.

Системанын негизги санариптик куралы "Электрондук эсеп-фактура 2.0" модулу болот. Анын жардамы менен товар жүгүртүүгө катышуучулар көзөмөлдөнүүчү товарлардын келип түшүшү, сатылышы, ички которуусу, кайра иштетилиши, инвентаризациясы жана эсептен чыгарылышы боюнча операцияларды чагылдырууга тийиш.