Экотехнадзордун инспекторлору Кант шаарындагы муниципалдык "Кант-Тазалык" ишканасынын автотранспортун текшерген. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен атмосфералык абаны коргоо боюнча мыйзамдардын бузулганы маалым болду.

Бул мыйзам бузуу боюнча протокол түзүлүп, көрсөткөн мыйзам бузуу үчүн 46 000 сомго штраф салына тургандыгы белгиленди.