Кыргызстандын Волейбол федерациясынын отчеттук-шайлоо конференциясы өткөн күнү аяктап, анда Эльмурза Сатыбалдиев федерациянын президенти кызматына кайрадан шайланды.

Мурдагы Жогорку Кеңештин депутаты федерация башчылыгына жалгыз талапкер болгон, аны конференциянын катышуучулары бир добуштан колдошту.

Эльмурза Сатыбалдиев бул кызматка төртүнчү жолу катары менен шайланып жатат. Ал Волейбол федерациясынын президенти болуп биринчи жолу 2009-жылы шайланган.