Бул долбоордун негизги максаты — энергияны үнөмдөө боюнча маалыматты жайылтуу, керектөөчүлөрдүн энергетикалык сабаттуулугун жогорулатуу жана сапаттуу журналисттик эмгектерди колдоо болуп саналат.
Катышуу шарттары жана материалдардын түрлөрү
Сынакка өлкөнүн бардык аймактарындагы телеканалдардын, радио, басма сөз жана маалымат агенттиктеринин өкүлдөрү катыша алышат. Катышуучулар төмөнкүдөй форматтагы материалдарды жөнөтө алышат:
- телесюжеттер
- макалалар
- маектер
- репортаждар
- радиоберүүлөр
- видеороликтер
- Reels
- инфографика
Материалдар кыргыз жана орус тилдеринде кабыл алынат. Жеңүүчүлөргө кесиптик ишмердүүлүгүнө керектүү заманбап техникалык каражаттар жана жабдуулар сыйлык катары берилет.
Сынактын мөөнөтү
- 2026-жыл, 23-ноябрь
Сынактын башталышы
- 2026-жыл, 23-декабрь
Сынактын аякташы
Өнөктөштөр
- «Электр станциялары» ААК
- «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААК
- «Чакан ГЭС» ААК
- «Кыргыз энергетикалык эсептөө борбору» ААК
- «Кыргызкөмүр» ААК











