FIDE жаңа формат жөнүндө

2027-жылдан тартып Кубок дүйнөлүк шахмат турнири эки этапта өтөт. Биринчи этап швейцариялык система негизинде «45 мүнөт + 30 секунд» форматына ылайык жүргүзүлөт. Бул жерде эркектер төрт пулга, аялдар болсо эки пулга бөлүндү. Бул бөлүк беш күнгө созулат.

Экинчи этапта плей-офф уюштурулат. 1/8 финалга эркектер арасында ар пулдан төрт, аялдар арасында сегиз шахматчы өтөт.

2005-жылдан бери Кубок дүйнөлүк шахмат турнири олимпиялык система боюнча өткөрүлгөн.

2027-жылы катышчылар саны

224эркек шахматчы
128аял шахматчы
2.3 млн долларэркектер үчүн сыйлык фонду
1 млн доллараялдар үчүн сыйлык фонду