Биргелешкен иш-чаралардын жүрүшүндө почтадан келген посылканы алууда К.С. аттуу жаран кармалды. Ал алгач посылканын ичинде жер семирткич бар экенин айткан, бирок кийинчерээк идиштин ичинде «Т» опиоиддик анальгетиги жаткандыгын моюнга алган.
Кармалган адамдын айтымында, посылканы ага Германияда жашаган таанышы жөнөткөн.
Препараттын макамы
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-мартындагы № 152 токтомуна ылайык, аталган дары каражат баңгизаттардын катарына кирет жана мамлекеттик көзөмөлдүн астында турат.
Көзөмөлдө турган заттарды камтыган дары-дармектерди алып кирүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын так сактоо менен гана уруксат берилет.








